Орусияда кыргызстандык жаран жумуш берүүчүнү бычак менен сайып салганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Орусияда кыргызстандык жаран жумуш берүүчүнү бычак менен сайып салганы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында кыргызстандык 43 жаштагы жаран нан бышыруучу жайга жумушка орношкон. Ошол эле жылдын күз айларында нан бышыруучу жай жабылып калган. 12 миң рубль айлыгын ала албай калган жаран жумуш берүүчүнү базардан жолуктуруп калып, карызын сураган. Бирок ал карызын бергендин ордуна кыргызстандык жаранды бетке чапкан. Буга ачуусу келген жаран жанындагы дарбыз саткан жайдан бычак алып, ачуусуна тийген адамды бычак менен сайып калууга жетишкен. Андан көп өтпөй кыргыз жараны полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда иш сотко жөнөтүлгөн. Адистердин баамында, кыргызстандык жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Timur02
2015-02-11 15:54:21
журоко сайбаптырда кидалшикти
+8
aydarken
2015-02-11 16:48:16
Эркекпи же аялбы кыргыз жараны?,жумуш беруучу да кыргызго дейм чамасы,
+2
EdikoKG
2015-02-11 17:56:05
aydarken, Албетте кыргыз болсо керек. Себеби кыргызды кыргыз кана алдап,алы жетет.
+7
milan_92
2015-02-11 19:38:21
owoncho boluptur kidaywikti olturup dele koiso bolmok.kop adamdy uktatsa kerek bul
+2
nurik2103
2015-02-11 22:01:00
эээ орусяда мындай адамдар толтура, иш башталаарда ал емеспиз бул емеспиз кыргызбыз деп ишеничке киретда иш буткондон кийин телефону очук акчандан кабар жок. Анан ошондойлорду мууздап салгын келет
0
mers8
2015-02-12 03:40:06
Он беш жыл дейби ошо кидалшик олуптурбу анан рассияанын турмосундо жалан Азяат Кавказ улутундагыоар болуп кетиго эгер ошо орус кыргысты сайганда аны он беш жылга кесмек эмес
0
kama_future_millioner
2015-02-12 04:11:31
Жеңилирээк жаза берсе экен эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан