Жалал-Абад облусундагы Чаткал районундагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолуна кар көчкү түштү. Мындан улам жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:30 чамасында болжол менен 300 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Учурда Райондук жарандык коргонуунун транспорт кызматы (ЖЭМ-2) тарабынан 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, аталган жерде тазалоо иштерин жүргүзүүдө.