Өткөн суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Ошто азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Ош шаарындагы Көкүмбий көчөсүндөгү батирлердин биринен өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бөлмөдөгү 2 сандык, 25 жууркан жана үй оокаттары толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Кара-Суу көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен дүкөндүн 4 чарчы метр шыбы жана сатыкка коюлган товарлар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан