Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Нуркалый Юсупбековду издөө иштери 1 аптадан бери натыйжасыз болууда. Ал эми изделип жаткан жаран менен бирге сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси 9-февраль күнү саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп, 1 адам тирүү калган.