Бишкектеги "Элдик лотереянын" кеңсеси милиция кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынды

Борбор калаада "Элдик лотерея" ачык акционердик коомунун кеңсесинде тинтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.  

Маалыматка ылайык, бүгүн кечке жуук аталган ишкананын кеңсесине келген бет капчан жана куралчан милиция кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган ишкана "алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда.   

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап: "Учурда "Элдик лотереяда" оперативдик издөө иштери жүрүүдө. Эмне себептен жана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз. Бул тууралуу толук маалымат эртең берилет",- деп билдирди.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Nur45
2015-02-11 21:43:13
Эн тура кылат бул да алдамчылык менен алектенет. Кобу эле чыкбайт. 30000000сомду койгондон коро 700минден кооп адамга чыгатурган кылбайбы.
0
Kroxa
2015-02-11 22:02:56
Албетте алдамчылык анткени рекламага миллион уттум деп тартылсан 5000сом берем десе либой Адам чыгатда,400мин уттум деп тартылсан 2000мин берсе ал деле жаман эмес дешет бирок канчабызды алдады менда дайым алчумун 4-5тен балээ жок
-1
marmilantka
2015-02-11 23:18:45
Kroxa туура мындай нерселер да болушу мумкун бирок менин таежем утуп алды кызы бир ойноп койойунчу деп еле алган бирок тилеке каршы ойдо жок 8 миллион сом утуп алды бирок 7 миллион сомун беришет екен ал таежем андай деле адам емес мынча акча берем десе чыга турган. Мына азыр акчаларын кедей кембагалдарга каарылар уйуно ж.б.у.с берип оздоруно уй алып тууган урука жардам берип жатат
-1
demo009
2015-02-11 23:35:53
алып ойносом деп журдум эле,бул оюмдан кайтсамбы деп атам кайра.мен дагы эртен айтам го анда.
+1
nurik2103
2015-02-12 00:06:05
Элдик лоторея ойногунар келбей калса афтомат ойногула
-2
Ariet7
2015-02-12 04:31:08
nurik2103, ии кыйраттын ошол эле калды эле .Азартные игры вообще даман да
0
Kesh.26
2015-02-12 00:31:22
Теледен уттум деп чыккандар, чындап эле уткандар. Алардан шек жок. Бул болгону математический четкий эсептелген коз боемочулук, 30 миллионду уткан адам табылбайтат дер 1ай реклама кылды, ал билет болгону сатылган эмес. Эгер тапкан акчасынын 4/3 болугун призовой фондко кетирсе жакшы болмок, а булар 4/2 болугун да жумшабай атат...
+1
dominic_toretto
2015-02-12 00:31:31
А эмнеге милиция бет капчан кирип тинтишти? Мындаай эле ачык эле кирип барса болбойбу?
0
jama9210
2015-02-12 05:29:06
Ошо дейм да,ишенбечум ушул лотереясына
0
Nuriss
2015-02-12 07:26:15
Туугандар ушул лотореяны ойноп Кумар болуп ана утам мына утам деп алданбайлычы
0
jigit.paren
2015-02-12 07:35:25
менин мындай алысыраак жездем откондо жаны жылда 1500000 сон утуп алды, 10%тин бериптир калганына машина анан Караколдон этаждан батир сатып алды. Уткандары чын эле экен.
0
Dadasdasd
2015-02-12 08:03:31
Аалам сырлары 2 башталдыбы. Экоо тен арам иш.
0
Kalin466
2015-02-12 10:25:48
Сары майга жетбей сасык деген мышыка окшобогулачы,бай болгурлар. Кобунор карангы экенинер корунуп турат.
-2
Gulzhan
2015-02-12 12:00:01
2 жолу 600 сом уткам.
0
duldul
2015-02-12 12:39:33
уткандар болуп жатат
0
zamira1989
2015-02-12 15:56:36
бир жолу 2 билет алып 200 сом уткам ошодон кийин ойнобой койгом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан