2012-2013-жылдар аралыгында 2200 жаранга мыйзамсыз паспорт берилген

2012-2013-жылдар аралыгында Кыргызстанда 2200 жаранга мыйзамсыз паспорт берилген. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз паспорт алгандардын арасында мурда соттолгондор, издөөдө жүргөн жана чет өлкөдөн депортацияланган жарандар да бар. Алар жаңы паспорт алуу менен аты-жөнүн, идентификациялык номурун өзгөртүп, изин жашырууну көздөшкөн. Бул ишке Социалдык фонддун жана Каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экени белгилүү болгон. Анын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарында ортомчу аял кармалган. Анын жашаган үйүн текшерүү учурунда 18 паспорт жана ар кандай баракчалар алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dominic_toretto
2015-02-12 00:28:59
Ошондо ошол паспортту бергендер күнөөлүүбү же алгандарбы? Акчасынан бир ууч кампайтып алып аласыңар да эми түштөн кийин эл көзүнө ушинтип чыга келгениңерге жол болсун!
0
avtogrand
2015-02-12 00:33:13
Жанылык деле эмеско. Башка мамлекеттердин жарандары барып мыйзамсыз КР паспорт алып жатпайбы...
+2
sabyr1977
2015-02-12 02:23:20
Еми ошондо емне дегени турасынар.же паспортторду кайра алып барып беришсинби?Кайра алпарып беришсе алган акчанарды кайрып бераласынарбы?
+3
kama_future_millioner
2015-02-12 04:06:21
Аа эмнеге мыйзамдуу бербедиңер анан берип берип алып 2200 жаранга мыйзамсыз паспорт берилген деп кайра чукуп чыгасыңардаа
0
aibek90
2015-02-15 23:20:29
бул 2012 2013 емес азыр да болуп коп мындайлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан