Бишкекте турак үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Бишкектин Саратов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 59 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, 11-февралда кошуналары каза болгон жарандын үч күндөн бери сыртка чыкпай калганын байкап, милицияга маалымат беришкен. Милиция кызматкерлери ичинен кулпуланып турган үйдү ачып киришип, 1956-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан