Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10
өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында 800 тонналык темир ангарда өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыйналган эндей 8 тонна чөп, эшик жагында жыйналган 120 түк
чөп, 0,5 жыгач шып, 110 тонна картошка жана ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон. Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында жыгач устундуу, шифер жабылган 35 чарчы метр очоккананын чатыры, 200
килограмм тезек жана жүн күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларынын туура эмес куралышы себеп болгон.