Кара-Буура районундагы Аманбаев айылын суу каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-февраль күнү саат 14:15 чамасында аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоодогу кар эрип, арыктардан суу ашып, 60 турак үйдүн алдын, анын ичинен 13 турак үйдүн жер төлөлөрүн, 25 чарбалык курулуштарын суу каптаган жана 1,5 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундардан 100 адам жана 1 экскаватор, 1 жүктөгүч айыл аймагы тарабынан тартылган. Күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле Балыкчы айылында 3 турак үйдүн алдын суу каптаган. Турак үйлөргө коркунуч жок.