Бишкекте тоноо фактысына шектелип 4 аял кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектелип 4 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 39 жаштагы Д.С. аттуу аял кайрылган. Анда ал Павлов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз аялдар күч колдонуп акчасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ж.Б., 45 жаштагы М.А., 33 жаштагы А.Ж., 34 жаштагы У.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KIPCHAK-KALMAK
2015-02-12 20:25:52
Акыркы заман деп ушуну айтса болот кантип болсун аял болуп тоногону астагфир Аллах!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан