Бишкек шаарында өзүнүн чоң энесинин зер буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 60 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал небереси үйүнөн жалпы суммасы 80 миң сомду түзгөн зер буюмдарын уурдап кетип, кайтарып бербей жатканын айткан. Ошондой эле пенсионер бир нече жолу небересинен зер буюмдарды кайтарууну өтүнүп, бирок ал натыйжасыз болгондугун билдирген. Бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылууда.