Футбол боюнча Кыргызстандын Кышкы биринчилиги жыйынтыкталуу алдында турат. Жогорку Лиганын жана Биринчи Лиганын командаларынын катышуусундагы мелдештин финалында “Абдыш-Ата” жана “Алга-2” командалары ойномой болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке 12 команда катышкан. Командалар алгач туура алтыдан болуп эки тайпага бөлүштүрүлгөн. Жыйынтыгында клубдар тайпадагы бардык командалар менен бирден оюн ойноп, упай топтошту. Жыйынтыгында эки тайпада эң көптөн упай топтогон “Алга-2” менен “Абдыш-Ата” финалда ойномой болушту. Өз тайпаларынан экинчи болуп чыккан “Наше пиво” менен “Кара-Балта” 3-орун үчүн беттешишет.