Жайыл районунда мектеп рэкети делген балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 8 ата-энеден арыз келип түшкөн. Анда 8-класстын балдары 7-класста окуган балдардан акча талап кылып жүрүшкөнү айтылып, 4 баланын аты-жөнү жазылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, жогоруда аты аталган балдар кармалып, тергөөгө өткөрүлгөн.