Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1950-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам чарбага керектүү буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган А.М. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.