2015-жылга карата бюджеттен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жылдагыдай эле 463 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов 11-февралда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
К.Эргешов белгилегендей, бөлүнгөн каражаттын дээрлик үчтөн бир бөлүгү Социалдык фондго, айлык акыларга жана коммуналдык тейлөөлөргө жумшалат. Буга чейин калган каражаттар спорт түрлөрүнө бөлүнүп келсе, бул жолу агенттик каражаттарды спортук мектептерди жана спорттук борборлорду курууга жумшайт.