Ошто кызынын карызы үчүн өз аялын өлтүргөн жаран 2 айга камалды

Ошто кызынын карызы үчүн өз аялын өлтүргөн жаран 2 айга камалды. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү өз үйүндө 52 жаштагы Р.Ахмедованын бычактан жараат алган жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы А.Т. аттуу күйөөсү кармалган. Анын айтымында, уруштун келип чыгышына кызы себепкер болгон. Кызы ар кимге 20 миң доллар карыз болуп, төлөй албай Орусияга кетип калган. Мындан улам “кызыңдын карызын төлө” деп ар ким үйгө келе берген. Кызына ачуусу келген жаран күчүн өз аялынан чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aijash90
2015-02-12 17:10:52
Чокунду жегир ошол кызды ким туудуртту эле.аялынды эмес озунду аспайт белен
+1
Rifle
2015-02-13 10:05:47
кызы жакшы адам болсо менин кызым дейт, жаман болсо кызын дейт. Бул белгилуу эле адат.
+1
batma1996
2015-02-12 17:18:01
Байкуш аялында эмне куноо кантип колу барды, кандай гана мыкаачылык.
+1
zara__
2015-02-13 10:06:06
тарбияны нормальный бербейт белен анан
0
aibek90
2015-02-15 23:09:02
емнеге 2 айга андайлар 20 жылга еркинен ажырыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан