Борбордо пара алып жаткан жеринен Биринчи Май районунун милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына арыз түшкөн. Анда жабырлануучу Биринчи Май районунун тергөөчүсү ага кылмыш ишин козгобоо үчүн 5 миң сом пара талап кылып, уюлдук телефонун алып койгонун айткан. Кечээ, 11-февралда 2 миң сом пара алып жаткан жеринен Биринчи Май райондук ИИБинин №8-шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Учурда чогултулган материалдардын баары шаардык прокуратурага жөнөтүлүп, ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармалган тергөөчү өткөн жылы гана окуусун аяктап, тергөөчү болуп иштегенине 2-3 ай эле болгон.