Элди уюлдук телефон аркылуу алдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 38 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал уюлдук телефон аркылуу чалып, өзүн өкмөт аппаратынын өкүлүмүн деп тааныштырган адам алдоо жолу менен 10 миң сом өндүрүп алууну көздөгөнүн айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, чалуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3-мекемесинен болгону тастыкталган. Ал жакты кароо учурунда 6 уюлдук телефон, сим-карталар табылган. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.