Аламүдүн районунда суу каптоонун алдын алуу боюнча чаралар көрүлдү (фото)

Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринин короосун суу каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 22:50 чамасында катуу жааган жаандын натыйжасында аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосун жана чарбалык курулуштарын суу каптаган. Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаранын алкагында саат 01:30да суунун нугу башка бош арыктарга бурулду. Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, суу каптоо коркунучу жоюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан