Борбор калаада унаа уурдоого шектелген 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен жол боюна токтотуп кетип, кайра келип таппай калганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Кара-Балта шаарынын жана 18 жаштагы Токмоктун тургундары кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.