Аргентина курама командасынын лидери Лионель Мессинин Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Дүйнө чемпионунун кубогунун жанынан капалуу өтүп бараткан сүрөтү жылдын мыкты сүрөтү болуп табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул фото Аргентинанын финалда Германиядан утулуп калганынан кийин тартылган. Анын автору, кытайлык сүрөтчү "World Press Photo" сыйлык тапшыруу аземинде “Жылдын спортко тиешелүү мыкты сүрөтү” наамын утуп алды.