Чүй облусунда жер мыйзамын одоно бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2013-жылы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары мамлекеттин менчигиндеги 0,18 гектар жер тилкесин Т.Ж. аттуу жаранга 180 миң сомго сатып жиберишкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган жер тилкесин сатууда нарктын төмөндөтүлгөнү аныкталган. Мунун кесепетинен мамлекетке 5 миллион 466 миң сом зыян келтирилген. Учурда бул факты боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “жер мыйзамын бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.