Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен катталган. Анда Чүй проспектинде Тойота Эстима унаасы менен 212-каттамдагы кичи автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги бир жүргүнчү каза таап, 7 адам жабыркаган.