Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Нуркалый Юсупбековду издөө иштери 9 күндөн бери натыйжасыз болууда. Кечээ аны издөөгө ӨКМнын 9 кызматкери жана изделип жаткан баланын 15тен ашуун тууганы чыккан. Бирок издөө иштери аба ырайына байланыштуу саат 15:30 чамасында токтотулду.
Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп, 1 адам тирүү калган. Изделип жаткан жаран менен бирге сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси 9-февраль күнү саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.