Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусунун суу каптаган айылдарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, министр иш сапарынын жүрүшүндө суу каптоодон жабыркаган Аманбаев, Кызыл-Адыр, Үч-Булак, Кара-Суу, Боо-Терек, Шадыкан, Акназаров, Кызыл-Октябрь, Маданият, Өзгөрүш, Бакай-Ата, Ак-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушат.
Айта кетсек, 11-февраль күнү Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун айрым айылдарын суу каптаган. Анын кесепетинен 100дөн ашык турак үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген. Ошондой эле дагы 60 турак үйгө коркунуч жаралган. Учурда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн 200дөн ашык адам тартылып, 25 техника иштеп жатат.