Муниципалдык менчик башкармалыгындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкелеринин ижарага берүү келишимдери текшерүү алынган. Анын натыйжасында 36 келишимде ижарага берилген жер тилкелеринин аянттары кичирейтилип көрсөтүлгөнү аныкталган. Мунун кесепетинен мамлекет 770 миң сом зыянга учураган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.