Бүгүн Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитине кире бериш жолго блокпост коюлуп, ар бир унаа текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай иш-чара коопсуздукту сактоо максатында болгон. Анткени буга чейин "жума намазы учурунда тополоң чыгат" деген сөздөр болуп келген.
Айта кетсек, буга чейин “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы, 1978-жылы туулган Рашод Камалов кармалган. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталган эле.