Бишкекте жаштар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш старт алды

Бүгүн, 13-февралда Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайында жаштар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш старт алды. СССР спортунун чебери, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Ражап Жанаевдин жаркын элесине арналган мелдеште 11 салмакта жеңүүчүлөр аныкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш Кыргызстандын жана Казакстандын 1998-2000-жылдар аралыгында төрөлгөндүктөрү тастыкталган спортчуларынын арасында өтүүдө. Жалпы катышуучулардын саны 245ти түзөт.

Биринчиликтин салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, ЖКнын депутаттары Курманбек Дыйканбаев, Бакытбек Жетигенов, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан