Жеке нотариус документтерди жасоо фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарында жеке нотариус унаа ээсинин колун жасоо менен башка жаранга ишеним кат (доверенность) берген. Мындан улам ишеним кат алган жаран башка бирөөгө унааны сатып жиберген. Учурда “жеке нотариустардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.