Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде кылмыш кылып же соттон, тергөөдөн качып жүргөн 19 жаран кармалды
Эки жума аралыгында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде кылмыш кылып же соттон, тергөөдөн качып жүргөн 19 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, качып жүргөндөрдүн үчөө Токтогулдан, бешөө Аксы районунан, экөө Өзгөн районунан, калгандары ар кайсы айылдардан кармалган. Алардын арасында “адам өлтүрүү”, “зордуктоо”, “денеге оор залал келтирүү” беренелери боюнча айыпталып жаткандар да бар.