Кыргызстандык шахматчы Семетей Төлөгөнтегин Москва шаарында өткөн "Moscow Open-2013" аттуу шахмат боюнча эл аралык фестивалда 118-орунга ээ болду. Белгилүү болгондой, мелдеш 9 оюндан өтүп, 229 шахмат чебери катышты. Ал эми бул фестивалда 1-орунду орусиялык шахматчы Борис Савченко жеңип алды. Айта кетсек, аталган мелдеш 4-февралда башталып, 10-февралда аяктады.