Бүгүн, 15-февралда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу расмий түрдө старт алды. Салтанаттуу ачылыш аземи менен башталган мелдеш 16-февралда жыйынтыкталат. Мелдештин башкы калысы
Саитдин Азизбаев бүгүн
SUPER.KG порталына билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө 4 салмакта (59 килограмм, 71 кг, 80 кг, 98 кг) кармаштар болот. Ага жалпысынан катышуу үчүн 97 балбан таразага түшүп, каттоодон өткөн. Мелдештин экинчи күнүндө дагы 4 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталат (66 кг, 75 кг, 85 кг, 130 кг).