Кыргызстандык веложарышчы
Евгений Ваккер Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 4-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 14-февралда 43 чакырымга болгон жарышта спортчу мара сызыгын 55 мүнөт 45 секундада кесип өтүп, 16 спортчунун ичинен 4-орунду ээлеп калды. Е.Ваккерди кореялык Чое Мин, казакстандык Жандос Бижигитов жана ирандык Хусейн Аскари артка калтырышты.
Кошумчалай кетсек, Е.Ваккер буга чейин Азия чемпиондугунда 10 ирет байге алган. Анын эсебинде 4 алтын медаль, 2 күмүш жана 4 коло медаль бар.