Ысык-Көлдө кардын калың жаагандыгынан улам мектептин жана турак жайдын чатыры кыйрады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Түп районундагы Талды-Суу айыл аймагынын Талды-Суу айылында 14-февралда саат 01:00 чамасында суу аралаш жааган кардын кесепетинен 1 турак үйдүн чатыры кыйрады. Мындан сырткары Ичке-Суу айылында З.Бөрүбаева атындагы №27-орто мектебинин чатыры кардын оордугунан жарым-жартылай кыйраган. Окуя болгон жерге Жарандык коргонуу комиссиясы барып, материалдык чыгымды тактоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.