2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Учурда Түштүк Америка континентинде тарыхта биринчи ирет өтө турган мелдештин программасы иштелип, оюндар өтүүчү жайлар камдалууда. 2016-жылдын 5-21-август аралыгында өтө турган бул мелдешке 200дөн ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүп жатат. Анда 30дан ашык спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулат. Учурда Олимпиадага жолдомолор ойнотулуп баштады.
Кыргызстандыктардан аталган тандоо туруна биринчи болуп футболчулар катышат. Тактап айтканда, март айында 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курам Азия чемпиондугунда ат салышат. Жолдомо алуу үчүн мелдеште 1-орунду камсыздоо керек. Башка спорт түрлөрү боюнча жолдомолор ушул жылдын экинчи жарымында болору айтылып келет.
КРнын Улуттук Олимпиада комитети да Олимпиадага даярдыкты баштады. Комитет кечээ, 16-февралда "Мегаком" компаниясына "Рио-де-Жанейро-2016" Жайкы Олимпиадасында Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын башкы өнөктөшү" макамын ыйгарды.
Кызматташтык алкагында Улуттук олимпиадалык комитет менен уюлдук оператор кыргызстандык спортчуларды ар тараптуу колдоого алышат. Бул чечим спорт жаатындагы ийгиликтерди гана шарттабастан, мекендештерибиздин арасында сергек жашоону жайылтууну көздөйт.