Кочкор районунун Сүттүү-Булак тилкесинде жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-февраль күнү саат 16:25 чамасында Ауди С-4 үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа бет маңдайы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.