13-февралда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейинде кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата уюшулган мелдеш бир катар ЖОЖдордун, аталган лицейдин катышуусунда болду.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан 16 команда катышты. Командалар 2 тайпага бөлүнүп, олимпиадалык системде жеңүүчүнү аныкташты. Жыйынтыгында жеңишке Кыргыз аскер лицейинин башкы курамы жетишсе, 2-орунду Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин студенттери камсыздашты. Ал эми 3-орунду жогоруда аталган лицейдин экинчи командасы ээледи. Бардык байгелүү орун ээлери кубок жана медалдар менен сыйланышты.