17-февралда Биринчи Май райондук соту Александр Сояпиндин ишин карайт

17-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Александр Сояпиндин иши каралат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттон билдиришти.

Буга чейин А.Сояпиндин кошунасы Н.И.Мезинага карата сот өкүм чыгарган. Анда ал кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табып, 6 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 2014-жылдын 14-ноябрында түрмөдөн качып кетип, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын 28 жаштагы Б.Сыдыгалиев аттуу оперкызматкерине ок чыгарган. Сыдыгалиевдин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал окуя болгон жерден каза тапкан. Изин жашырып, качууга аракеттенген А.Сояпинди 64 жаштагы коңшусу Наталья Мезина үйүнүн жер төлөсүнө жашырып койгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан