Талас облусунда суу каптоонун кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 1 миллион 560 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, күндүн жылышынан улам тоодогу кар эрип, Кара-Буура районунун Аманбаев, Кызыл-Адыр, Үч-Булак, Кара-Суу жана Бакай-Ата районунун Ынтымак, Таш-Кудук, Кызыл-Октябрь, Маданият, Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Бакай-Ата айылдарындагы турак үйлөрдүн айрымдарын суу каптаган.