Бишкекте “аялын өлтүргөн” деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте “аялын өлтүргөн” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 15-февраль күнү саат 06:20 чамасында маалымат келип түшкөн. Анда Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 25 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, аялдын киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Учурда кылмышка шектүү катары каза тапкан аялдын күйөөсү кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан