Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жалал-Абад шаарындагы Бахар дачасындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 6 чарчы метр мончонун желим шыбы, 21 чарчы метр жыгач жасалгасы толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен белгисиз жарандар тарабынан уурдалган Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.