Түркияда студент кызды зордуктап, өлтүргөн соң кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн дарыяга ыргыткандар кармалып, кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кичи автобустун айдоочусу, анын атасы жана таанышы кылмышка шектүү катары кармалышкан. Айдоочу акыркы жүргүнчүнү адам аз жерге алып барып, аны зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөтүп, айдоочунун бетин тытып салган да, өзүн коргоодо пайдалануучу баллонду кылмышка шектүүгө карата колдонгон. Айдоочу кызга бычак сайып, кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун манжаларын да кескен.
13-февралда Түркиянын түштүгүндөгү Тарсус районундагы дарыялардын биринен 20 жаштагы Өзгежан Аслан аттуу кыздын күйгөн денеси табылган. Ал Чан университетинде психология адистиги боюнча билим алып жаткан. Маркумдун сөөгү таанылгыс болуп күйгөндүктөн, аны кыздын жакын курбусу да тааный алган эмес. Кийиминен гана таанып: "11-февралда Өзгежан менен дүкөнгө барганбыз. Тамактанып, анан үйгө кеткенбиз. Биз бир автобуста кеттик, бирок мен эрте түшкөн элем",- деген.
Кийинки күнү полиция кызматкерлери кичи автобусту табышкан. Андан кандын издери жана кыздын баш кийими да табылган. Маркумдун атасы баш кийим кызына тиешелүү экенин айткан. Кылмышка шектүү катары 26 жаштагы кичи автобустун айдоочусу, анын 50 жаштагы атасы жана 20 жаштагы досу кармалды. Атасы менен досу кылмыш изин жашырууга көмөктөшкөнүн моюнга алышкан.