Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип кармалгандардын бири үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Талас шаардык сотунда Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча шектелгендердин иши каралган. Анда сот 17 жаштагы Д.Ны үй камагына чыгаруу жана А.кызы.Гны соттук-психологиялык текшерүүдөн өткөрүү чечимин чыгарган.
Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз жана эки айым кармалган.