Талас. Бакай-Атада мас абалдагы жаран аялдын үйүнө кирип, коркутуу жолу менен акча талап кылды

Бакай-Ата районунда "жалгыз жашаган айымдын үйүнө мас абалында кирип, өлтүрөм деп коркуткан" деген шек менен 1991-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-февралда саат 20:00 чамасында аталган райондун айылдарынын биринде орун алган. Кийин белгилүү болгондой, жабырланган аял жалгыз жашайт экен. Улуу кызы шаарда иштеп, ага дары-дармекке акча жөнөтүп тургандыгы аныкталды. "Кылмышка шектүүнү кармоо иштери түнү менен жүргүзүлүп, кийинки күнү 1991-жылы туулган С.у.М. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Аталган факт боюнча "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду",- деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан