Канжар Кадыралиевди кармоодогу натыйжасыз иштер боюнча бир катар кызматкерлер кызматынан алынышты

Ош облусунда катталган кылмыштардын бетин ачууда натыйжасыз иштер боюнча бир катар кызматкерлер кызматынан алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматтарынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын эки орун басары жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси алынган. Алардын кызматтан алынышына облус аймагында катталган бир катар кылмыштардын бетинин ачылбаганы жана Канжар Кадыралиевди кармоодогу натыйжасыз иштер себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
danyshman
2015-02-17 07:14:56
Бир кумалак бир карын майды чиритет.
0
talant87
2015-02-17 11:20:06
ошондой болгонуда жакшы иштегенге аракет кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан