Кыргызстандык Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 16-февралда Олимпиада чемпиону, кыргызстандык Мелентьев Александр Реммович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. 

"Александр Реммович көрүнүктүү спортчу жана машыктыруучу, анын колунан бир топ белгилүү аткычтар тарбияланган. Ал аракетчил, ак ниеттүү, кайраттуу адам болгон.

Александр Мелентьев 1954-жылдын 27-июнунда Орусиянын Пенза шаарында туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун машыктыруучу адистигинде окуган. Эл аралык даражадагы спорт чебери, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, ок атуу спорту боюнча 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону. Европа жана дүйнө рекордчусу, СССРдин чемпиондугун 1980-жылдан 1988-жылга чейин катары менен утуп, кайталангыс рекорд койгон",- деп билдирет аталган агенттик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kama_future_millioner
2015-02-16 19:27:26
Арты кайрылуу болсун
0
fara2503
2015-02-16 19:32:27
Кыогызстанда бир эле олимпиада чемпиону бар деп уктум эле ал Каныбек Осмоналиев
+1
brend007
2015-02-16 21:06:47
fara2503, демек экоо экен да
+1
ekaterinburg
2015-02-16 22:55:13
fara2503, Кыргызстандык деп турбайбы.Сиз уккан чемпион кечээги эле чемпион да.Бул Союз маалындагы деп турбайбы.Союз маалында да Кыргызстан(Киргизия)болгон а так.
0
asilkg
2015-02-17 05:39:04
ekaterinburg, Каныбек Осмоналиев дагы СССР убагында уткан олимпиаданы 1980 жылда Москвада
0
tursunbaev2004
2015-02-17 12:55:32
ekaterinburg,Каныбек Осмоналиев дагы Союз маалында чемпион болгон эгер билбесениз.
0
nursultan1
2015-02-16 23:47:40
fara2503, Кыргыз улутундагы жалгыз чемпион, Каныбек Осмоналиев а бирок Кыргызстанда төрөлгөн учурда Орусияда жашап жаткан чемпиондор көп анын бири Татьяна Калпакова андан сырткары дагы олимпиада чемпиондору бар экен да
0
admin_superstan
2015-02-17 09:53:39
sabyr1977, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан