Борбор калаада апасына таарынып үйүнөн кетип калган 7 жаштагы бала интернет-клубдардын биринен табылды.
Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7 жаштагы бала апасы урушуп койгондон кийин саат 22:30 чамасында сыртка чыгып кеткен. Баланын ата-энеси алгач өздөрү издешип, бирок таппай коюшкан. Натыйжада бала борбордогу интернет-клубдардын биринен табылган. Ал Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энеси түшүнүк кат жазган соң ата-энесине өткөрүлүп берилген.