Жумгалда хоккей боюнча райондун кубогу аяктады

9-10-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек кыштагында хоккей боюнча Жумгал районунун ачык Кубогу жыйынтыкталды. Мелдеште 6 команда олимпиадалык тартипте 2 тайпага бөлүнүп күрөш жүргүзүштү. “А” тайпасына жергиликтүү “Жумгал-Шортон”, “Байзак” командалары жана Ысык-Көл облусунун “Чолпон-Ата” командасы түшсө, “В” тайпасында нарындык “Ала-Тоо-Дордой”, кочкорлук “Ормон Хан” жана миң-куштук “Барчын” командалары бөлүндү. 2 тайпадан топтогон упайлардын негизинде биринчи орунду алган командалар “Жумгал-Шортон” менен “Ала-Тоо-Дордой” командалары финалга жолдомо алса, экинчи болуп чыккан “Байзак” жана “Барчын” командалары 3-орунду талашышты. Жыйынтыгында атаандашын 5:1 эсебинде жеңип, коло медалды “Барчын” командасы утту. Ал эми финалдык оюнда да 5:1 эсеби катталып, алтын медаль жана кубок “Жумгал-Шортон” командасына ыйгарылды.

 

 

Сүрөттө:

 

1. Мелдештин чемпиону - "Жумгал-Шортон" командасы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан