Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Швецияда өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду камсыздады

Швециянын Клиппан шаарында 13-15-февраль аралыгында кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Кыргызстандын желеги астында 3 спортчу катышты.

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова 65 килограмм салмакта 2-орунду камсыздады. Ал эми Замир кызы Ажар 44 килограмм салмакта 5-орунду камсыздаса, Медет кызы Айпери 60 килограмм салмакта 7-орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, мелдешке курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында катышты. Бул үчүн Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен 322 миң сом каражат бөлүнгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
brend007
2015-02-17 10:10:55
азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан