Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринен 68 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-февраль күнү куткаруучулар Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Үй ичинен 1947-жылы туулган Александр Донцовдун жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.